Мамлекет башчысы жарандардын кайрылуулары менен таанышып, көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн жолдорун белгиледи. Тиешелүү мамлекеттик органдарга зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Жолугушууда тургундар райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин жана мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн талап кылган суроолорду көтөрүштү.
- Спорттук жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо
- Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча турак-жай берүү
- Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларынын маселелери
- Амнистия
- Жер жана мүлктүк талаш-тартыштар
Кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да өзүнчө айтылды.
Президент профилдик мамлекеттик органдарга айтылган кайрылууларды кылдат изилдеп, мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Кылмыш иштерин, мүлктүк талаш-тартыштарды жана жарандар көтөргөн башка кайрылууларды кароодо мыйзамдуулуктун, объективдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн принциптерин гана жетекчиликке алуу зарыл.






















