Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана басма департаментинин жетекчиси Мария Захарова «Номад» телеканалына берген маегинде Ысык-Көл жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу ойлорун айтып берди.
Ал ошондой эле Ысык-Көлдүн туристтик инфраструктурасы өнүгүп жатканын жана аймактын туристтерди кабыл алуу үчүн чоң потенциалы бар экенин белгиледи.



















