Иш-чара гезиттин тарыхы тууралуу видеоролик менен башталып, андан соң министр Мирбек Мамбеталиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Министр «Эркин-Тоо» 35 жылдан бери өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуяларды чагылдырып, мыйзамдарды жана расмий документтерди жарыялоо аркылуу мамлекет менен коомдун ортосунда маалыматтык көпүрө болуп келе жатканын белгиледи.

Ал «Эркин-Тоо» 35 жылдан бери өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуяларды чагылдырып, мыйзамдарды жана расмий документтерди жарыялоо аркылуу мамлекет менен коомдун ортосунда маалыматтык көпүрө болуп келе жатат.
Мирбек Мамбеталиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри

Министр басылманын ушул жооптуу миссияны аткаруусуна салым кошкон редакция жамаатына, ардагер журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Мамбеталиев журналисттерди 7-ноябрь — Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктады. Ал журналистиканы коомдук пикирди калыптандырып, эл менен бийликтин ортосундагы байланышты камсыздаган жооптуу кесип катары сыпаттады.

«Эркин-Тоо» гезити

35жыл
1991алгачкы саны жарык көргөн жыл

Белгилей кетсек, «Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы саны 1991-жылдын 3-июлунда жарык көргөн. Басылмада мамлекеттик токтомдор, ченемдик-укуктук актылар жана башка расмий документтер жарыяланып келет.