Мамлекеттик сейсмо туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институту тарабынан октябрь айында республика боюнча 81 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен кабарлашты.
Корутунду алган объекттердин түрлөрү
Министрлик маалыматы боюнча, корутунду алган объекттердин басымдуу бөлүгүн социалдык багыттагы имараттар жана турак үйлөр түзгөн.
Ошондой эле октябрь айында институттун базасында атайын вибростенддин жардамы менен вибродинамикалык сыноо өткөрүлгөн. Анын алкагында көп кабаттуу имараттардын фасаддарын каптоодо колдонулган материалдардын сейсмо туруктуулугу жана бекемдиги текшерилген.













