Нарын облусунун Ак-Талин районунда Нарын—Баетов—Макмал автожолунун 3,5 чакырымдык бөлүгүндө асфальт төшөө иштери али баштала элек. Бул тилке Кара-Бургон айыл аймагынын Ак-Чий айылынын жанында жайгашкан.

Даярдык иштери жазында башталган

Маалыматка ылайык, жолдун ушул тилкесинде асфальт төшөөгө даярдык жазында эле башталган. Андан бери жолго шагыл төгүлүп, суу агызуучу курулма курулган. Бирок асфальт азырынча төшөлө элек.

Жергиликтүү тургундар иштин кечеңдешинен нааразы. Алар жакында аба ырайы сууктап каларын белгилешүүдө, бул асфальт төшөө ишине тоскоол болушу мүмкүн.

Асфальт төшөө ишин жеке компания аткарат.
Маалымат булагынан

Ак-Талин №15 жол пайдалануу ишканасынын жетекчиси Аскар Өмүрбеков билдиргендей, тилкени асфальттоо жакынкы күндөрү башталат. Ал ишти аткаруу милдетин алган компания менен дайыма байланышып, ишти тездетүүнү талап кылып жатканын айтты.