Президенттин Администрациясынын маалыматына ылайык, Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баялы Досалиев кызмат ордунан бошотулду.
Документтен
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кочкор районунун акими Досалиев Баялы Атамырзаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.












