Нарын шаарындагы Ленин атындагы борбордук көчөнүн ремонту 2023-жылдын август айында башталган. Мамлекет 727 миллион сом бөлгөн бул ири долбоор "Кыргызавтожол" ишканасы тарабынан аткарылууда.
Ишке толук бүтүп калбагандыктан жана жумуштар өтө жай жүрүп жаткандыгынан жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдирүүдө. Негизги асфальт өткөн жылы салынганына карабай, суу жетишсиздигинен улам эрте бузулуп баштаган.
Мэриядын маалыматына ылайык, ирригация системасы талаптарга ылайык курулган эмес. Кээ бир жерлерде жолдун боюн казып, лотоктор орнотулбагандыктан, асфальттын бузулушуна алып келген.
Андан сырткары, аллеялар менен лотоктордун тегиз эместиги, түнкү жарыктын толук орнотулбагандыгы жана коомдук транспорт үчүн өзүнчө жайлардын жоктугу да сынга алынган.
Бул маселелер Нарын облусундагы президенттин өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында талкууланды. Мэр Жылдызбек Беккелдиев аткарылып жаткан иштердин сапаты жана ылдамдыгы тууралуу катуу сын айтты.















