Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу чыгыш Азиядан Жакын Чыгыш жана Түштүк Европа өлкөлөрүнө жүк жеткирүүнүн аралыгын болжол менен 900 километрге кыскартат. Ошондой эле ташуу мөөнөтүн 10 суткага чейин азайтууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бишкек инвестициялык форумунун пленардык сессиясында билдирди.

Өткөрүүчүлөр жаңы жолдун артыкчылыктарын колдоно алышы үчүн Кабинет Министрлери алты негизги багытты бөлүп көрсөттү. Алардын биринчиси — үзгүлтүксүз транспорттук коридорду түзүү. Бул үчүн кыргыз-өзбек участогунда «бир токтоо» принциби боюнча нейтралдуу зона түзүү маселеси каралууда. Ушундай эле ыкманы кытайлык өнөктөштөр менен да колдонуу пландалууда. 2027-жылдан баштап Кытай жана Өзбекстан менен бажы процедураларын синхрондоштуруу, жүктер жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу жана контролдук операцияларды жөнөкөйлөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү каралган.

Экинчи багыт — темир жолдун боюнда логистикалык жана индустриалдык борборлорду түзүү. Торугарт, Макмал жана Жалал-Абад станцияларында складдык комплекстерди, терминалдарды, жүк жыйноо аянтчаларын, опттук бөлүштүрүү борборлорун жана өндүрүштөрдү өнүктүрүү каралган. Эрлист Акунбеков жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду бул долбоорлорго катышууга чакырды.

Үчүнчү багыт — темир жол, авто жана аба транспортунун интеграциясы.