Нарын облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жалпысынан 272 378 жаран каттоодо турат. Алардын ичинен 220 821 адам, башкача айтканда 81,1 пайыз камсыздандырылган болсо, 51 557 жаран камсыздандыруудан ажыраган.

272 378жалпы каттоодогу жарандар
220 821камсыздандырылган
51 557камсыздандырылбаган

Нарын облустук бирикмелик ооруканасынын маалыматы боюнча, ушул жылдын алгачкы 10 айында медициналык камсыздандыруусу жок болгон 7 947 жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин сатып алышты. Бир жылдык полистин баасы 1840 сомду түзөт.

Кош бойлуу аялдарга акысыз жардам

Энечилик жана балалыкты коргоо максатында, ошондой эле ден соолугу чыккан наристелердин төрөлүшүнө шарт түзүү үчүн кош бойлуу аялдарга ММК полистер акысыз берилет. Бул программа кош бойлуу аялдардын социалдык абалына карабастан, өз убагында квалификациялуу медициналык жардам алуусун камсыз кылууга багытталган.

Аталган программанын алкагында жылдын 10 айында Нарын облусунда 1 779 кош бойлуу аял ММК полисин акысыз алды.