Нарын областынын Ак-Талы районунда, Ак-Мойнок капчыгайындагы Баетов—Макмал автоунаа жолунун 95-105 километр аралыгында жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

Дороралдык ишкананын жетекчиси Аскар Өмүрбековдун айтымында, бул бөлүктө, өзгөчө Кош-Дөбө айылынан Тогуз-Торо районуна чейинки 44 чакырым жолго комплекстүү оңдоо жүргүзүлүүдө.

Иликтөөлөргө караганда, Кош-Дөбө айылынын тургундары Жалал-Абадга баруу үчүн жолду колдонгондо, көп убакыт коротуп, кээ бир жерлерден бир гана унаа өтө алышын айтып, арызданышкан.

Мындай көйгөйлөр жолдун эскирип, бузулушу менен байланыштуу болгондуктан, учурда адистер жолдун айрым бөлүктөрүн тегиздөө жана оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.