Түшүм көп түшкөн мезгилде баалардын төмөндөөсү жана сактоочу жайлардын жетишсиздиги айыл чарба өнүмдөрүн арзанга сатууга же жоготууга алып келет. Бул маселени чечүү үчүн атайын соода-логистикалык борборлор кызмат көрсөтүүдө.

Ыкчам кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Жыпаркуль Нурдинованын айтымында, учурда өлкө боюнча 50 борбор иштеп жатат. Алар продукцияны муздатуу, иреттөө, таңгактоо жана сатууга даярдоо сыяктуу кызматтарды көрсөтөт.

Продукцияны борборлорго мезгилге жараша кабыл алабыз. Алгач кулпунай, малина, өрүк жана вишня сыяктуу жемиштер, андан кийин алма, картошка жана башка жашылча-жемиштер келет.
Жыпаркуль Нурдинова

Логистикалык борборлордо заманбап муздаткычтар жана өнүмдөрдү иреттей турган жабдыктар бар. Бул фермерлерге түшүмдү сапаттуу сактоого жана экспорттук рынокторго чыгууга жардам берет.

Борборлордун жайгашкан жери боюнча саны
  • Чуйская
  • Ошская

Департаменттин маалыматы · geoBoundaries, © OpenStreetMap

Борборлордун өлкө боюнча бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:

12Ош облусунда
11Жалал-Абад облусунда
10Бишкек жана Чүй облусунда
7Баткен облусунда
5Ысык-Көл облусунда
3Нарын облусунда
2Талас облусунда