Кыргызстанда экспортко бараткан айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификаттарды берүү тартиби өзгөрүүдө. Суткасына 24 саат иштеген жаңы система экспорттоочулардын иштерин жеңилдетүүгө багытталган.
Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, 10-декабрдан тарта «Ак-Тилек», «Ак-Жол» жана «Чалдыбар» өткөрүү пункттарында фитосанитардык сертификаттарды берүү токтотулат.
Жаңы борбор жана иштөө тартиби
Эми экспорттоочулар керектүү документтерди Бишкек шаарындагы «БишкекТрансСервис» (БТС) логистикалык борборунда толтуруп, карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өтө алышат. Борбор Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 78 (Түндүк айлана жолу, «Дордой» базарынын району) дарегинде жайгашкан.
- Сертификат берүү иши Бишкектеги БТС борборунда күнү-түнү жүргүзүлөт.
- «Ак-Тилек», «Ак-Жол» жана «Чалдыбар» пункттарында Кыргызстанга кирүүчү продукцияларга карантиндик көзөмөл мурунку тартипте улантылат.
Өзгөртүүлөрдүн максаты
Бул чечимдердин негизги себептери катары фитосанитардык сертификациянын сапатын жогорулатуу, экспорттолуучү продукцияларга көзөмөлдү күчөтүү жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭС) ыйгарым укуктуу органдарынан келе турган билдирүүлөрдүн санын азайтуу көрсөтүлөт.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүк катышуучуларына экспорттук жеткирмелерди пландаштырууда жана коштомо документтерди толтурууда жаңы талаптарды эске алуу сунушталат.









