Талас районунда фермерлер жемиштердин, анын ичинде малинанын жана каражемиштин айдоо аянтын кеңейтип жатышат. Ушул тапта бул мөмөлөр 12 гектардан ашык жерге эгилген.
Талас районунда жалпы пахота аянты 35 326 гектарды түзөт. Соңку жылдары фермерлер аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылган малинанын ар кыл сортторун тандап, өстүрүүгө артыкчылык беришүүдө.
Ыңгайлуу аба ырайы жогорку түшүмдүүлүккө өбөлгө түзгөн. Кок-Кашат айылынын тургуну Чынгыз Азбеков жыл сайын 1,5 гектар жерден болжол менен 13 тонна малинаны жыйнайт.
Өстүрүлгөн мөмөлөр Казакстан менен Россияга экспорттолот. Фермер органикалык жер семирткичтерди колдонуп, химиялык каражаттарды минималдуу пайдаланууга аракет кылат.









