Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн наристелердин көзүнөн көрүүсү жоголуп жатат. Буга мезгилинен эрте төрөлгөн ымыркайлардагы ретинопатия деп аталган кооптуу оору себеп болууда.

Офтальмолог Зарина Бабаджанованын айтымында, өткөн жылы өлкө боюнча мындай диагноздун 600 учуру аныкталган. Бул оору мезгилинен эрте төрөлгөн балдардын болжол менен 10 пайызына таасир этет.

Өткөн жылдагы көрсөткүчтөр

600оорунун аныкталган учурлары
10%эрте төрөлгөн балдардын тийишүү пайызы

Бул патология көз торчосундагы кан тамырлардын бузулушунан келип чыгат. Нормада кан тамырлар кош бойлуулуктун 16-жумасынан баштап өнүгө баштайт. Бирок мезгилинен эрте төрөлгөндө наристе башка чөйрөгө түшүп, кан тамырлардын өсүшү бузулушу мүмкүн.

Кан тамырлар өтө тез өсүп кетип, торчону кысып коюшу мүмкүн. Ушул себептен өтө коркунучтуу усложнение пайда болот.
Зарина Бабаджанова, офтальмолог