Айыл чарба министрлиги тарабынан 19-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган документке ылайык, өлкөдө продукцияларды сактоо жана кайра иштетүү инфраструктурасын чыңдоо максатында масштабдуу долбоор сунушталууда.

Министрликтин баалоосу боюнча, муздатуучу инфраструктура, заманбап складдар жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр өлкө боюнча бирдей эмес өнүккөн. Бул жагдай өзгөчө мөмө-жемиш, жаңгак, жашылча жана сүт өндүрүүчүлөргө терс таасирин тийгизүүдө. Муздатуу жана сорттоо мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болгондуктан, фермерлер продукцияны түшүм жыйналган замат, баалар төмөн түшкөн учурда сатууга мажбур болушууда.

Инфраструктураны өнүктүрүү боюнча көрсөткүчтөр

Пландалган объекттердин саны

871ири жана орто ишкана
315муздатуучу камера
245склад
97логистикалык борбор
85мал союу пункту

Өндүрүштү жыл бою үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн жытканалык чарбаларды түзүү жана мал чарбасын жакшыртуу боюнча төмөнкүдөй иштер каралган:

  • 165 жытканалык чарба түзүү жана аларга 49,5 гектар жер бөлүп берүү;
  • 635 мал сактоо аянтчасын жана 210 тоютуучу фермасын куруу.

Айыл чарба министрлигинин сунушу боюнча, чийки заттын көлөмү жетиштүү болгон аймактарда заманбап жашылча сактоочу жайларды, муздатуучу комплекстерди жана сүт кабыл алуу пункттарын куруу зарыл.