Айтматов районунда 2021-2026-жылдар аралыгында 41 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 44 социалдык объект курулган. Бул маалымат президент Садыр Жапаровдун Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө айтылды.
Курулган социалдык объекттердин катарына мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, спорт залдар жана маданият объекттери кирет. Мындан тышкары, учурда дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланууда.
Бүгүн, 3-ноябрда, мамлекет башчысы Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Айтматов районундагы курулуш


















