Кыргызстанда жарандар алименттин минималдуу өлчөмүн 10 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылган петицияга кол коюп жатышат. Бул демилгени адвокат Адилет Мерканов көтөрүп чыккан. Ал балдардын санына жараша белгиленген суммаларды сунуштайт: бир балага 10 миң сом, эки балага 20 миң сом, үч балага 30 миң сом.
Учурдагы алимент өлчөмү балдардын муктаждыктарын жабууга жетпейт, ошондуктан эсептөө ыкмасын кайра карап чыгуу зарыл.
Адилет Мерканов жарандарды петицияны колдоого чакырды. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү үчүн 10 миң кол топтоо керектигин эске салды.
Алимент кандай эсептелет?
Азыркы тапта алименттин көлөмү адатта балдардын санына жана ата-эненин кирешесине жараша болот: бир балага кирешенин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, үч же андан көп балага жарымы өндүрүлөт. Эгер ата-эненин туруктуу кирешеси жок болсо, сот белгиленген акчалай суммада төлөм дайындашы мүмкүн. Бирок көп учурда ата-эне төлөмдү азайтуу үчүн кирешесин атайылап төмөндөтүп көрсөтөт.
6 млрд 588,4 млн сом 9 айдагы алимент карызы
2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында алимент боюнча карыз 6 миллиард 588,4 миллион сомго жеткен. Андан 545 миллион 143 миң сом гана өндүрүлгөн.
Бул көрсөткүчтөр көйгөйдүн олуттуулугун тастыктайт. Петициянын авторлору минималдуу сумманы белгилөө балдардын укуктарын коргоого жардам берет деп эсептешет.




















