Бурулай Исабаева Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалды.
Жаңы дайындоого чейин ал аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
Райондук администрациянын маалыматы боюнча, бул дайындоо президенттин гендердик теңдикти камсыздоо, аялдардын мамлекеттик башкаруу системасына катышуусун кеңейтүү жана жетекчи кызматтардагы ролун жогорулатуу саясатын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлгөн.
Аялдардын жетекчиликтеги орду




