Материалов: 1523
Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө 17 өлкөнүн статусун өзгөртүү пландары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу мамлекеттердин категориялары бирдиктүү өнөктөш статусуна бириктирилет. Мындан тышкары, жаңы коркунучтар менен күрөшүү борборлорун түзүү документтери да даярдалууда.
Германия полициясы эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн иликтөөдө. Бул топ Өзбекстандын жарандарына жасалма документтерди колдонуп, Шенген визаларын алууга жана Европа аймагында калууга жардам берген деп шектелүүдө. Учурда бул ишке байланыштуу 11 адам кармалып, 76 виза шек жаратууда.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысы билдиргендей, Бишкекте өтүүчү саммитте Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Садыр Жапаров ядролук коопсуздук чөйрөсүндө көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тууралуу Декларация кабыл алууну пландашууда.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн динамикалуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери өзгөчө салтка катышышты. Алар кадимки кол тамгалардын ордуна, жалпы пейзаждык сүрөткө өз эскиздерин кошушкан. Бул сүрөт кийинчерээк ШКУнун Катчылыгына өткөрүлүп берилет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алкагында журналисттерге маек берип, учурда дүйнө акыркы он жылдыктардагы эң оор мезгилдердин бирин башынан кечирип жатканын айтты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы коопсуздукту камсыз кылуу комплекстүү мамилени жана бардык мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылаарын белгиледи.
Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен туристтик зонаны өнүктүрүү жана айыл чарба азыктарын алмашуу үчүн логистикалык борборлорду куруу боюнча иш алып барууну макулдашышты.
Санкт-Петербург жана Ленинград облусунда Wildberries компаниясынын кампаларында Украинадан келген учкучсуз аппараттардын чабуулунан кийин өрт чыкканы кабарланды. Окуянын кесепетинен үч адам жабыркаганы айтылып, айрым кампалардын иши убактылуу токтотулду.
Манас шаарында тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн адистер, академиктер жана жол башкармалыктарынын өкүлдөрү катышып, тажрыйба бөлүшүп, заманбап технологияларды колдонуу жана жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин карашты. Бул иш-чара эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга чоң салым кошту.
Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууда коопсуздук, соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле Бишкекте өтүүчү ШКУ саммитин ийгиликтүү уюштуруу маселелери талкууланды.
Кыргызстандын футбол жана волейбол боюнча улуттук курама командалары Японияда өтө турган XX Азия оюндарынын алкагындагы атаандаштарын аныктады. Футболчулардын эркектер командасы Япония, Таиланд жана Гонконг менен бир тайпада болсо, волейбол боюнча кыз-келиндер курамасы Таиланд, Кытай Тайбэйи жана Монголия менен күч сынашат.