Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Шахимардан жергесинде жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү
Толук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин карашты. Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жетишкен келишимдерди өнүктүрүү максатында, кызматташтыктын комплекстүү программасын (Жол картасын) жаңы багыттар менен толуктап, актуалдаштыруу чечими кабыл алынды.
























