Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Чолпон-Ата шаарында журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, ШКУнун алдыдагы саммитинде диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу мамлекеттердин учурдагы статустарын алмаштырып, бирдиктүү өнөктөш категориясына өтүү пландары жарыяланарын маалымдады.
Учурда уюмда 10 мүчө мамлекеттен тышкары 15 диалог боюнча өнөктөш жана эки байкоочу мамлекет бар. Лавровдун айтымында, бул 17 өлкөнүн бардыгы ШКУнун бирдиктүү өнөктөш статусуна которулат.
Мындан тышкары, саммитке жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борборду жана баңги кылмыштарына каршы күрөшүү борборун түзүү жөнүндө документтердин долбоорлору даярдалган. Бул борборлордун ар бири үчүн тиешелүү жоболор бекитилет.
Бирдиктүү статус киргизүү тууралуу жарыя сентябрь айынын башында Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинде күтүлүүдө.





