Бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевди 69 жаш мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттык, түгөнгүс күч-кубат жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды белгилеп, алар өзбек элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Ранее по темеСадыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 69 жашы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын талкуулады