Мамлекет башчысы өз куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгон мааракелик жылга туш келгенин баса белгиледи. Ал ШКУ тең укуктуу диалог жана чечимдерди биргелешип издөө үчүн маанилүү аянтча экенин билдирди.

Терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жаңы шарттарга тез ыңгайлашууда. Мунун баары бир нерсени көрсөтүп турат: бүгүнкү күндө коопсуздук саясий, экономикалык, технологиялык, экологиялык жана гуманитардык өлчөмдөрдү камтыйт. Мындай комплекстүү чакырыктарга бир дагы мамлекет жалгыз өзү туруштук бере албайт. Ошондуктан ШКУ мындан ары да биргелешкен жоопкерчилик жана макулдашылган аракеттер мейкиндиги катары бекемделиши керек.
Президент Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ошондой эле Региондук антитеррордук түзүмдүн (РАТТ) базасында Коопсуздукка байланыштуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду, анын ичинде Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүүнү тездетүүгө чакырды. Ал муну Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кошкон маанилүү салымы деп атады.