Материалов: 320
Кыргызстандын 20 жашка чейинки кыздар футбол курамасы Тажикстанда өткөн Азия чемпионаттарынын аймактык таймаштарына катышуусун аяктады. Үчүнчү турдун алкагында кыргызстандык спортчулар Иран командасына 2:1 эсебинде жеңилип калышты.
Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын футболчусу Айтурган Курманбекова Казакстандын чемпионатында ойноп, алгачкы голун киргизди. Ал июль айында Караганданын «Шахтер» клубуна өтүп, жогорку дивизиондогу оюндарда чыгып келет. Курманбекова 21-июлда «Астана» командасына каршы беттеште пенальтиден таамай тээп, командасына жеңиш алып келген голду жаратты.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Медина Нурлан кызы Казакстандын чемпиондугунда карьерасын улантууда. Ал "Томирис-Туран" клубу менен келишимге кол коюп, жакында жаңы командасы үчүн дебютун жасады. Учурда бул чемпионатта башка кыргызстандык спортчулар да активдүү оюн көрсөтүшөт.
Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы Венгрияда өткөн рейтингдик турнирде ийгиликтүү беттешип, жалпысынан үч медалга ээ болду.
Иорданияда өткөн дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары ийгиликке жетишип, жалпы 4 медаль — эки күмүш жана эки коло — жеңип алышты. Медалдын ээлери Данияр Мелисов, Жанар Жолдошева, Даут Полтушев жана Илья Сахинин болду.
Кыргызстандык спортчу Данияр Тойчубек уулу америкалык Legacy Fighting Alliance (LFA) уюмунда беттешет. Ал 19-сентябрда АКШнын Миннесота штатындагы Прайор-Лейк шаарында өтө турган LFA 242 турниринде япониялык Шуя Камикубо менен 61 килограмм салмак ченинде күч сынашат.
Социалдык тармактарда Англиянын 16 жашка чейинки футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасынын оюнчулары катышкан мушташтын видеосу тарады. Бул окуя Түркиядагы мейманканалардын биринде болуп, Англия Футбол Ассоциациясы фактыны тастыктады.
Fox News каналынын маалыматына караганда, Испания футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткени үчүн байге фондусунан АКШга 15 миллион долларга чейин каражат төлөөгө милдеттүү болот. Бул АКШнын резидент эместер үчүн фискалдык мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, анда кирешеге 30 пайыздык салык каралган.
Бишкек мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында эки жабык теннис комплексин оңдоп-түзөө боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Жыйынтыгында, 4-кичи райондогу объектти "Прайм Корт" ЖЧКсы, ал эми Тоголок Молдо көчөсүндөгү комплексти "Октопус Интернешнл" ЖЧКсы реконструкциялайт.
1986-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатында Диего Марадона ойногон Adidas Azteca тобу аукционго коюлду. Топтун формасы начарлап, эскиргенине карабастан, сатыктын баштапкы баасы 2,5 миллион долларды түзүп, андан 10 миллион долларга чейин киреше алуу күтүлүүдө.
Ош шаарында паралимпиадалык спорттун бочча түрү боюнча ачык чемпионат башталды. Мелдештер 24-июлдан 27-июлга чейин өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Чемпионатка катыша турган спортчулар BC1, BC2, BC3, BC4 категорияларында ат салышат.
Футбол боюнча XX жайкы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.