Кыргызстандын кыз-келиндер күрөш боюнча улуттук курама командасы Венгрияда болуп өткөн эл аралык рейтингдик турнирге катышты.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу кыздар өздөрүн мыкты көрсөтүп, жалпысынан үч медалды багындырышты.

Бул ийгилик курама команданын эл аралык аренадагы потенциалын дагы бир жолу тастыктады.