Ош шаарында паралимпиадалык спорттун бочча түрү боюнча ачык чемпионат старт алды. Түштүк борбордун мэриясы билдиргендей, мелдештер 24-июлдан 27-июлга чейин өткөрүлөт.

Чемпионаттын жүрүшүндө спортчулар BC1, BC2, BC3 жана BC4 категорияларында күч сынашат. Мелдеш Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, мэриянын колдоосу менен уюштурулуп, Валентина Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатында өтүүдө.

Бочча деген эмне?

Бочча — бул паралимпиадалык спорттун бир түрү, майыптуулуктун оор формалары бар адамдар (баарынан мурда ДЦП жана таяныч-кыймыл аппаратынын жабыркашы барлар) үчүн түзүлгөн тактыкты талап кылган топ менен ойнолуучу оюн. Тарыхый жактан алганда, бул оюн байыркы грек жана рим оюндарына барып такалат жана боулинг менен жалпы тамырларга ээ, бирок бочча жумшак булгаары топтор менен ойнолуучу паралимпиадалык дисциплина болуп саналат.