Түркстандын "Томирис-Туран" футбол клубу Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Медина Нурлан кызы менен келишим түздү. Буга чейин ал "Азиягол" клубунда ойноп келген.
Медина Нурлан кызы жаңы клубу үчүн алгачкы оюнун 20-июлда "Кайсарга" каршы өткөрдү. Ал беттештин 63-мүнөтүндө алмашууга чыгып, бир нече секунддан кийин анын командасы гол киргизип, эсепти 2:2 кылды. Оюн 3:2 эсеби менен "Томирис-Туран" клубунун жеңиши менен аяктады.
Жаңы сезондун башынан бери "Томирис-Туран" командасында Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Кенжебүбү Ырысбек кызы менен Бактыгүль Токтоболотова да ойноп келишет.
Мындан тышкары, Казакстан чемпиондугунда ушул сезондо башка кыргызстандык футболчулар да өнөр көрсөтүүдө. Алардын арасында Айжан Боронбекова ("Актобе"), Дильнура Абибулла кызы ("БИИК") жана Айтурган Курманбекова ("Шахтер") бар.


