XX жайкы Азия оюндарынын чүчү кулак кармоо аземинин жыйынтыгында, Кыргызстандын U-23 курамасы "А" тайпасына кирди. Аталган тайпада Кыргызстан Жапония, Таиланд жана Гонконг командалары менен кез келет.
Мелдешке жалпысынан 15 олимпиадалык курама команда катышып, алар төрт тайпага бөлүштүрүлдү.
Тайпалардын курамы:
- **"А" тайпасы:**
- Жапония
- Таиланд
- Кыргызстан
- Гонконг
- **"В" тайпасы:**
- Кытай
- Бириккен Араб Эмираттары
- Иран
- Корея Элдик Демократиялык Республикасы
- **"С" тайпасы:**
- Вьетнам
- Өзбекстан
- Филиппин
- Кувейт
- **"D" тайпасы:**
- Түштүк Корея
- Сауд Аравиясы
- Катар
XX жайкы Азия оюндары 2026-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Жапониянын Нагоя шаарында жана Айти префектурасында өткөрүлөт.
Оюндун программасына 41 спорттун түрү, 68 дисциплина кирет, анда 460 медаль топтому ойнотулат.



