24 жаштагы Данияр Тойчубек уулу америкалык Legacy Fighting Alliance (LFA) лигасында өзүн көрсөтөт. Учурда анын 12 жеңиши бар жана ал бир дагы жолу жеңилген эмес.

Анын атаандашы япониялык Шуя Камикубо болот. Камикубонун көрсөткүчү 16 жеңиш жана 3 жеңилүү. Беттеш 61 кг салмак категориясында өтөт.

Бул турнирдин толук аталышы LFA 242: Lozej vs. Bittencourt. Иш-чара 19-сентябрда АКШнын Миннесота штатындагы Прайор-Лейк шаарында өткөрүлөт.

Тойчубек уулу быйыл 31-январда Кореядагы Black Combat лигасында беттешкен. Ал кореялык атаандашын экинчи раунддун аягында так сокку менен нокдаунга түшүрүп, калыс мушташты токтотууга аргасыз болгон.

Буга чейин LFA лигасында Мыктыбек Оролбай уулу жана Уран Сатыбалдиев сыяктуу кыргызстандык спортчулар да чыгып, учурда UFC'де ийгиликтүү беттешип келишет.