Коом
Материалдар: 5090

Бишкекте Даир Асанов атындагы сейил багын оңдоо пландалууда
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Даир Асанов атындагы сейил багына барып, анын инфраструктурасын жаңылоо боюнча алдыдагы иштерди талкуулады. Мэриянын маалыматына караганда, сейил бактын аймагын реконструкциялоо жакында башталат.

Министрлер кабинети чет элдик номерлүү унааларды утилизациялоо механизмин сунуштады
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 1-сентябрга чейин легалдаштырылбаган чет элдик номерлүү унааларды утилизациялоо тартибин бекитүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга жарыяланды.

Бишкектик тургун Айни көчөсүндөгү кургап жаткан бак аллеясына даттанды
Бишкек шаарынын тургуну Айни жана Жаманбаев көчөлөрүнүн боюндагы жашыл аллеянын абалы начарлап кеткенине нааразы болду. Анын айтымында, бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугарбоо жана тийиштүү кызматтардын кароосу жоктугунан улам көптөгөн бактар кургай баштаган.

Кыргызстанда аба ырайы: кээ бир жерлерде жаан, сел жана суу ташкындары күтүлөт
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында локалдык нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Буга байланыштуу сел жана суу ташкындары пайда болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с чейин жетиши ыктымал.

ДССУ: Ысык аба ырайы сууга чөгүү коркунучун жогорулатат, комплекстүү коргоо маанилүү
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) сууга чөгүү коркунучун алдын алууга багытталган жети чараны камтыган PROTECT программасын сунуштады. Уюм климаттын өзгөрүшү бул көйгөйдү ого бетер күчөтүп жатканын белгилеп, өлкөлөрдү кырсыктардын санын азайтуу үчүн алдын алуу чараларын киргизүүгө чакырат.

Ала-Букада мөндүрдүн кесепетинен келтирилген зыян эсептелет
Ала-Бука шаарында 23-июлда жааган ири мөндүрдөн айдоо аянттары, бак-дарактар, жашылчалар жана мөмө-жемиштер жабыркады. Учурда бул зыяндын көлөмүн аныктоо иштерин жарандык коргонуу боюнча атайын комиссия жүргүзүүдө.

Ысык-Көлдө баңгизатка мас таксист кармалды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери Ысык-Көлдө "Кооптуу жүк" аталышындагы рейд учурунда баңгизаттын таасири астында унаа башкарып бара жаткан таксистти аныкташты.

Кыргызстанда ири иш-чаралардын алдында объекттердин антитеррордук коопсуздугу күчөтүлөт
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антитеррордук борборунда Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын XVIII жыйыны өттү. Жыйында алдыдагы маанилүү эл аралык иш-чараларга карата коомдук жана турмуштук маанилүү объекттердин антитеррордук коопсуздугун камсыздоо маселелери каралып, мамлекеттик түзүмдөр үчүн конкреттүү милдеттер аныкталган чечимдер кабыл алынды.

Бишкек мэри жаңы мектептердин курулушун көзөмөлдөп, ички жасалгалоого психологдорду тартууну тапшырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуп жаткан эки жаңы мектептин абалы менен таанышты. Ал билим берүү мекемелеринин ички жасалгасын долбоорлоого адистерди, анын ичинде психологдорду тартууну тапшырып, окуучулар үчүн жагымдуу жана жайлуу чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Токтогул районундагы Камыш-Башы айылында таза суу долбоору жыйынтыкталууда
Токтогул районунун Камыш-Башы айылында жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында суу түтүктөрүн орнотуу иштери толугу менен аяктады. Объекти ишке киргизгенден кийин айыл тургундары санитардык нормаларга жооп берген туруктуу таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ачка машыгуу учурунда денеде эмне болот: адистердин мифтери жана чындыгы
Көпчүлүк учурда тамак ичпей машыгуу, өзгөчө эртең менен, жакшы натыйжа берет деп эсептелет. Бирок, адистер узак мөөнөттүү пайдалар жагынан абал жөнөкөй эмес экенин билдиришет.

Талас шаарында 165 млн сомдук борбордук сейил бак ачылды (Сүрөт)
Бүгүн, 24-июлда Талас шаарында жаңы борбордук сейил бактын ачылыш аземи болуп өттү. Анын курулушуна 165 миллион сом жумшалган. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен да таанышты.











