Бишкек мэриясы билдиргендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев Байтик Баатыр көчөсү, 8/1 дарегиндеги “Российская школа” деп аталган билим берүү мекемесинин курулушу менен жеринен таанышты. Бул объектте учурда 150 жумушчу иштеп жатат.
Мэриядан алынган маалыматка ылайык, имараттын жалпы аянты 27 040 чарчы метрди түзөт. Долбоордо заманбап мектеп, анын ичинде эки сууда сүзүүчү бассейн куруу каралган. Мектеп бир сменада 1224 окуучуга ылайыкташкан.
Биринчи мектептин көрсөткүчтөрү
















