Ала-Бука шаарынын аймагында 23-июль күнү катуу мөндүр түшүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян алып келди. Жабыркагандардын катарында айдоо талаалары, мөмөлүү бактар, ошондой эле өстүрүлгөн жашылча-жемиштер бар.

Келтирилген чыгымдарды так баалоо үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, алар кырдаалды иликтөө жана зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча иштерди аткарууда.