Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 1-сентябрга чейин легалдаштыруудан өтпөгөн чет элдик мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын утилизациялоо механизмин бекитүүнү сунуштоодо. Бул токтом долбоору Министрлер Кабинети тарабынан коомдук талкууга жарыяланды.

Мекеме мындай транспорт каражаттарынын укуктук статусун тартипке келтирүү иш-чараларына байланыштуу, аларды утилизациялоонун так механизмин аныктоо зарылчылыгын белгилейт.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, унааларды утилизациялоо экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен ишке ашырылышы керек. Себеби, аларды бөлүп-бөлүп демонтаждоо процессинде айлана-чөйрө үчүн кооптуу болгон таштандылар пайда болот. Буларга иштетилген мотор майлары жана башка техникалык суюктуктар, аккумулятордук батареялар, дөңгөлөктөр, электрондук компоненттер, ошондой эле кооптуу заттарды камтыган айрым тетиктер жана материалдар кирет.

Долбоорго ылайык, чет элдик каттоо номерлери бар транспорт каражатынын ээси унааны өз ыктыяры менен утилизациялоого өткөрүп берүүгө укуктуу.

Эгерде токтомго кол коюлса, унаа ээси утилизациялоо операторуна төмөнкү документтерди бериши керек болот: менчик укугун тастыктаган документтер (эгер бар болсо) же транспорт каражатын ээлик кылуу жана пайдалануу шарттары жөнүндө арыз.