УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынды УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору А.Т. Эрбаев жетектеп, ага мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында алдыдагы маанилүү эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан уюштуруу маселелери каралды.
Коомдук жана турмуштук маанилүү объекттердин антитеррордук коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынга катышуучулар комиссиянын жыйынтыктоочу чечимдерин даярдоодо эске алынган сунуштарды жана толуктоолорду киргизишти.
Кароонун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тартылган мамлекеттик түзүмдөр үчүн конкреттүү милдеттер жана ар бир ведомствонун мындан аркы ишинин негизги багыттары аныкталды.















