ЖКККББ кызматкерлери Ысык-Көл районунда "Кооптуу жүк" рейдин өткөрүп жатып, такси айдоочусун баңгизат колдонуп унаа айдап баратканда кармашкан.
Мындан тышкары, айдоочунун такси айдоо үчүн тиешелүү лицензиясы жок экендиги да аныкталды.
Жол эрежесин бузган айдоочуга 87 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.




