Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлүүдө. Бул жаан-чачындардан улам сел жана суу ташкындарынын пайда болуу коркунучу жогору.

Ошондой эле, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.