Материалдар: 1
Бишкекте өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын кезексиз конференциясында Кунай Медетхан бир добуштан жаңы президент болуп шайланды. Ал 2022-жылдан бери федерацияны жетектеп келген Умбеталы Кыдыралиевдин ордун ээледи. Учурда жетекчиликтин алмашуусунун себептери расмий түрдө айтылган жок. Медетхан буга чейин федерациянын биринчи вице-президенти болуп кызмат кылган.