26-ноябрдагы Жогорку Кенештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев Улуттук банктын эсептик ченди белгилөөдө кайсы көрсөткүчтөрдү негиз катары колдоноорун сурады. Ал эсептик чендин өлчөмүн кайрадан карап чыгуу маселесин кошумча талкуулоону сунуштады.
Эгер жөнөкөй тил менен айтканда, эсептик чен — бул Кыргызстандын экономикасындагы акчанын наркы
Улуттук банктын өкүлү эсептик чендин максаты баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана инфляцияны тормотуу экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, ченди жогорулатуу улуттук валютага болгон суроо-талапты көбөйтүүгө жана инфляцияны чектөөгө багытталган.
Бул инструмент дүйнө жүзүндөгү борбордук банктардын акча-кредиттик саясатынын негизги куралдарынын бири экени белгиленди. Улуттук банк депутаттын суроосуна эсептик ченди жогорулатуу же төмөндөтүү себептери боюнча жазуу түрүндө түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирди.
12% % учурдагы эсептик чен
Улуттук банктын учурдагы көрсөткүчү







