Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча Жогорку Кенештин комитети 16-ноябрда калктуу конуштардагы жашыл өсүмдүктөрдү коргоо чараларын күчөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин пресс-кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын жашыл өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» документтин демилгечилери депутаттар Дастан Бекешев, Карыбек уулу Улукбек, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев болушту.

Мыйзам долбоору парктардын жана скверлердин аянтын кыскартууга тыюу салууну, дарактарды мыйзамсыз кыюунун алдын алуу чараларын жана мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караштырат.
Дастан Бекешев

Мыйзамдын жаңы талаптары боюнча, алдын ала кыйылган ар бир дарактын ордуна беш жаңы балагам отургузулушу керек жана аларды үч жыл бою кароо милдеттендирилет.

Мындан тышкары, документтин алкагында жашыл өсүмдүктөрдү санап чыгуу үчүн санариптик инвентаризациялоону киргизүү, ачык электрондук реестр түзүү жана сугат тармактарынын сакталышын камсыздоо сунушталууда.