Жогорку Кенештин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бул мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер Кабинетинин төрагасы болгон. Сунушталган өзгөртүүлөр боюнча маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Амантур Турсуниязов сунуштады.
Жаңы мыйзам долбоорунун негизги өзгөртүүлөрү жер кендерин пайдалануу тармагындагы залогдук мамилелерге тыюу салууну жана кум-шагыл аралашмасын жана суглинкти казуу боюнча укуктарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан берүүнү токтотууну караштырат. Ошондой эле жер кендерин пайдалануу укугун берүүдө электрондук аукциондорду өткөрүү белгиленген.
Талкуу учурунда депутаттар кендер иштетилгенден кийин жерлерди рекультивациялоо, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшү жана бул өзгөртүүлөрдүн чакан бизнес менен жергиликтүү бюджеттерге тийгизүүчү таасири боюнча маселелерди көтөрүштү.
Атап айтканда, Болотбек Борбиев Токтогул районунун Толук айыл аймагындагы карьердин жана Узун-Акмат алтын кендин рекультивациялоо иштеринин жүрүшүн сурады. Кубанычбек Самаков Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы Кум-Бель кендеринде рекультивациялоо иштерине көзөмөл күчөтүүнү талап кылды.



















