9-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстарын пайдалануу, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында жашыл аймактарды сактоо маселеси талкууланды. Мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев демилгелеген.
Депутат Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө караганда, жаңы ченемдер боюнча кыйылган ар бир дарактын ордуна беш жаңы көчөт отургузуу жана аларды үч жыл бою багуу милдеттүү болот.
Кыйылган ар бир дарактын ордуна беш көчөт отургузуу жана аларды үч жыл бою багуу сунушталууда.
Мыйзам долбооруна бак-дарактарды санариптик эсепке алуу жана алардын ачык электрондук реестрин түзүү боюнча чаралар да киргизилген. Ошондой эле ирригациялык тармактарды коргоо боюнча ченемдер камтылган.
Талкуу учурунда депутаттар Нилуфар Алимжанова жана Алишер Козуев отургузулуучу көчөттөр жергиликтүү климатка ылайыктуу болушу керектигин баса белгилешти. Алар көчөттөрдү багуу жана сактоо боюнча жооптуу тараптардын милдеттерин так аныктоо зарыл экенин айтышты.
Мындан тышкары, комитет Министрлер Кабинетинин Төрагасы сунуштаган «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда колдоп берди.














