Кумтор кениндеги алтындын запасы жаңы изилдөөлөрдүн негизинде өсүшүн көрсөттү. 2024-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик баланска кошумча 124 тонна алтын кошулгандыгы тастыкталды.

Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов 16-ноябрда Жогорку Кенештин агардык саясат боюнча комитетинин жыйынында бул маалыматты бөлүшүп өттү. Ал алтындын жаңы запастарын Мамлекеттик запастар боюнча комиссия бекиткендигин белгиледи.

124 тонна кошумча алтын запасы

2024-жылдагы геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында мамлекеттик баланска кошулган көлөм.

Ошондой эле, Кумтор кенинде алтын запастарын көбөйтүү максатында жер астындагы иштер улантылып жаткандыгы айтылды. Мындан тышкары, депутат Умбеталы Кыдыралиев Кыргызстандагы калдыктар жана хвостохранилищелер, өзгөчө Кумтордун хвостохранилищеси менен кандай иштер жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат суранды.