Манас шаарынын бир нече аймагындагы тургундар өз жер тилкелерин мыйзамдуу түрдө тариздөө мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатышат. Бул маселе Жогорку Кеңештин отурумунда көтөрүлдү. Депутат Алтынбек Кылычбаевдин айтымында, «Живпром» конушунда болгон 1,8 миң үйгө документ алуу мүмкүн эмес, себеби бул аймак мунай иштетүүчү заводдордун коргоо зонасына кирет.

Ошондой эле «Ынтымак-2» конушундагы 216-контурда 78 үй-бүлө көптөн бери жашап келет. Алар мурда Сузак районунда жашап жүргөн учурда жер документтерин алышкан, бирок аймак шаардын курамына өткөндөн кийин документтерди жаңылоо мүмкүн болбой калды. Экологиялык кызматтын корутундусу боюнча, бул жерлер өнөр жай жана газ сактай турган жабдыктардын санитардык зонасына туш келет.

1800үй (Живпром конушунда)
78үй-бүлө (Ынтымак-2 конушунда)
4000адам (Курманбек башкармалыгында)

Депутат Курманбек башкармалыгынын 38, 39 жана 40-кварталдарындагы мурунку дача аймактарында болжол менен 4 миң адам жашап жатканын белгиледи. Ал жерлердин дача статусунда калганы үчүн жолдорду куруу, жарыктандыруу жана социалдык объекттерди салуу мүмкүн эмес. Ал бул аймакты калктуу конуш катары таанууну сунуштады.

Мындан тышкары, Умбетал Кыдыралиев Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Балбан-Таймаш конушунун тургундарынын маселесин көтөрдү. Анын айтымында, жер амнистиясы боюнча комиссия кээ бир жерлер боюнча чечим чыгарып, ал эми башкалары боюнча ишти кечиктирүүдө. Бул үчүн архитектура органдары каттарды кармап жатканы айтылууда.