Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Измир провинциясындагы металлургия заводунда болгон окуяга байланыштуу Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга өзүнүн кайгыруусун билдирди. Президент каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүп, жаракат алган жарандарга тез арада сакайып кетүүсүн каалады.
Маалыматтарга ылайык, НАВАШ Demir Чэлик мекемесинде болгон кубаттуу жарылуунун натыйжасында адамдар курман болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, пландаштырылган оңдоо иштери учурунда крандын конструкциясы суюк болот менен толтурулган электр печине кулап, газ түтүрүн жарылууга жана күйүүгө алып келген.











