Президенттик Администрациянын маалыматы боюнча, сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкарадагы «Бештепе» Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркын кыдырды. Анда президенттер мүчө өлкөлөр орноткон көркөм өнөр чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты.

Кыргызстан тарабынан паркта көчмөн маданияттын салттарын жана бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн чагылдырган «Мураскер» скульптурасы коюлган. Лидерлер ошондой эле бак отургузуу аземине катышып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарына арналган концерттик программаны көрүштү.

Жогорку сыйлык тапшырылды

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды. Чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан Жапаровдун түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган.

13-саммиттеги сөз

Эртеси, 30-октябрда, Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммити өттү. Анда Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Уюмдун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Өзгөчө көңүл соода-экономикалык байланыштарга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө, билим берүүгө жана туризмге бурулду.