Материалдар: 128
27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү өткөрүлөт. Бул иш-чарага Өзбекстандан 200гө жакын өкүлдөн турган чыгармачыл делегация келет. Маданий программа Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инфраструктуралык, транспорттук-логистикалык, айыл чарба жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери кеңири талкууланды.
Кыргызстандын синоптиктери Бишкек шаарында жана республиканын башка аймактарында алдыдагы дем алыш күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүү жана нөшөрлөп жаан жаашы мүмкүн экендиги боюнча шашылыш эскертүү жарыяланды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын туу чокусу уюмдун Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйыны жана «ШКУ плюс» форматындагы жолугушуу болорун билдирди. Ал ошондой эле англис тилин ШКУнун расмий иш тилдеринин катарына кошуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө 17 өлкөнүн статусун өзгөртүү пландары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу мамлекеттердин категориялары бирдиктүү өнөктөш статусуна бириктирилет. Мындан тышкары, жаңы коркунучтар менен күрөшүү борборлорун түзүү документтери да даярдалууда.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери өзгөчө салтка катышышты. Алар кадимки кол тамгалардын ордуна, жалпы пейзаждык сүрөткө өз эскиздерин кошушкан. Бул сүрөт кийинчерээк ШКУнун Катчылыгына өткөрүлүп берилет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алкагында журналисттерге маек берип, учурда дүйнө акыркы он жылдыктардагы эң оор мезгилдердин бирин башынан кечирип жатканын айтты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы коопсуздукту камсыз кылуу комплекстүү мамилени жана бардык мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылаарын белгиледи.
Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Жолугушууда коопсуздук, соода, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле Бишкекте өтүүчү ШКУ саммитин ийгиликтүү уюштуруу маселелери талкууланды.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эс алып жүргөн жаран оор жаракат алды. Кечээ, жаан жаап жатканда турист тепкичтен тайып жыгылып, буту сынып кеткен. Аны Бишкекке тез жардам менен жеткиришти.
Чолпон-Атада ШКУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын ачканда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев уюмдун узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташуусун жогору баалап, учурдагы төрагалыкты жооптуу жана урматтуу милдет катары кабыл алганы боюнча билдирди.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери Чолпон-Ата шаарында министрлер кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн чогулушту. Бул жолугушуу Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин масштабдуу саммитине даярдыктын акыркы этабы болуп саналат.