25-26-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн "AJP TOUR 2026" эл аралык джиу-джитсу чемпионатына бир катар мамлекеттерден топтолгон күчтүү балбандар катышты.

Аталган таймашта Ат-Башы районунан чыккан Алжанов агай-инилер өздөрүнүн бекем даярдыгын көрсөтүп, эӊ жогорку ийгиликтерге жетишти.

Алжанов Шахбулат 2014–2015-жылкы балдар арасында 38 кг чейинки салмак категориясында жашыл жана спорттук чемпиондук кийимдердеги (GI жана NO GI) мелдештерде бардык атаандаштарын кескин жеңип, өлкөнүн абсолют чемпиону болду.

Алжанов Фирдаус 2011–2012-жылкы балдар арасында 62 кг чейинки салмак категориясында эки стиль боюнча күмүш медалдарды алып, вице-чемпион наамын ээледи.

Бул мыкты жыйынтыктар анын жана агасынын октябрь айында боло турган Борбордук Азия чемпионатына катышуусуна жол ачты.

Мурдараак алар дзюдо, грэпплинг жана джиу-джитсу боюнча республикалык жана эл аралык мелдештердин байге ээлери болуп келген. Азыркы учурда төрт спорттун түрү — дзюдо, самбо, джиу-джитсу жана грэпплинг менен алектенишет.