27-июлда Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин, VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана башка маанилүү эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана ар кандай окуялардын алдын алууга багытталган чаралар да талкууланды.
Адилет Орозбеков бардык тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана тобокелдиктер же коркунучтар пайда болгон учурда ыкчам аракеттенүү үчүн ар тараптуу чараларды көрүүгө милдеттүү экенин баса белгиледи.








