Өзбекстандын чыгармачыл делегациясы Кыргызстанга Өзбекстандын маданият күндөрүнө катышуу үчүн келди. Иш-чара 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Конокторду «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортунда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Өзбек делегациясын Өзбекстандын маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди. Делегациянын курамына 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрү, анын ичинде белгилүү аткаруучулар, музыканттар, бий топтору, маданият ишмерлери жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү кирди.
Эки күндүн ичинде алар Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна Өзбекстандын бай тарыхый-маданий мурасын жана заманбап искусстводогу жетишкендиктерин чагылдырган бай маданий программаны тартуулашат.
Ведомствонун белгилешинче, маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий турмушунда маанилүү окуя болуп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты жана достук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.





























































