Материалдар: 4
1-августта Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 138–139-чакырымында түнкү саат 00:00дөн 03:00гө чейин таш айылган кырсык катталып, унаалар азыр бир тилкеден жүрүп жатат.
Министрликтин маалыматына караганда, түн ортосунда Боом капчыгайында, Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 138–139 чакырымында таш ылдыйкы түшкөн. Азыркы учурда жол тейлөө кызматы жолду тазалоо иштерин улантып, толук ачылышын камсыздоого аракет кылууда.
Ысык-Ата районунда Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунда жол кырсыгы катталып, жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Айдоочу скутер менен кагылышуудан качууга аракет кылып жатып, унааны башкара албай калганы маалымдалды. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок.
Нарын шаарындагы Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 64-чакырымында 18-19-июль күндөрү убакытша чектөөлөр киргизилип, жолдун эки тараптуу жүрүүсү бир тараптуу болуп өзгөрөт. Бул убактылуу чара аймакта жол кыймылына таасирин тийгизет.